Мезгил учуп барат,
Желдей канат кагат,
Кайрылбас жактарга.
Жылдар артта калат,
Өкүнүчтү санап,
Жетпес колун булгалап.
Кайырма:
Жаздай жамгыр төккөн,
Жаштык гүлдөй өскөн,
Арман болбос.
Көңүл үшүп муздап,
Жан дүйнөмдү бузган,
Жалган болбос.
Жаштык орду толбос кымбат тура,
Сырлары көп арман тура.
Жаштык орду толбос аалам тура,
Жомокко окшош жалган тура.
Аппак таза жаздан,
Жаштык ширин балдан,
Адамзат тойбогон.
Аянычтуу арман,
Жаштык алыс калган.
Жүрөгүмдө ойногон.
Кайырма
Бактыгүл Бадыева — Жаштык тексти
Датасы: 14.10.2020 Көрүүлөр: 266