Аян берет көргөн түшүм түнүндө,
Аян берет кылган ишим күнүндө.
Кар-мөндүргө кабылсам да канчалык,
Мен бактылуу болорумду сүйүүмдө.
Көкүрөгүм толо түшүп нурларга,
Аян берет ар бир өткөн жылдарга.
Мен бактылуу болорумду жашоодо,
Мен бактылуу болорумду ырларда.
Арыбаган зор санжыра бууданга,
Арбын сыры тоолорумдун чуудалуу.
Аян берет келечеги элимдин,
Мен бактылуу болорлугум тууралуу.
Калмурат Рыскулов — Аян берет тексти
Датасы: 20.10.2020 Көрүүлөр: 371
Калмураттын ар бир ыры жагат! Аттин, эрте кетип калганы абдан окундурот, эмне деген обондор жаралат эле