Датасы: 20.10.2020
Формат: mp3

Аян берет көргөн түшүм түнүндө,
Аян берет кылган ишим күнүндө.
Кар-мөндүргө кабылсам да канчалык,
Мен бактылуу болорумду сүйүүмдө.
Көкүрөгүм толо түшүп нурларга,
Аян берет ар бир өткөн жылдарга.
Мен бактылуу болорумду жашоодо,
Мен бактылуу болорумду ырларда.
Арыбаган зор санжыра бууданга,
Арбын сыры тоолорумдун чуудалуу.
Аян берет келечеги элимдин,
Мен бактылуу болорлугум тууралуу.

Один комментарий к “Калмурат Рыскулов — Аян берет тексти”

  1. Калмураттын ар бир ыры жагат! Аттин, эрте кетип калганы абдан окундурот, эмне деген обондор жаралат эле

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *