Кара-Көлдүн кыздары жылдыз маңдай,
Көздөрүн көр жымыңдашкан жылдыздардай,
Жүрөгүмө түнөтүп бир сулуусун,
Жүрөмүн кыялым алыстабай.
Жээгинде дайранын шарпылдаган,
Күлгөнүңдү сагындым шаңкылдаган.
Чыгып барып аскага тизгениңди,
Жылдыз кармап колуна жаркылдаган.
Сырдап жаткан үйлөрдү алтын менен,
Сыйда назик колдоруң алтын белем.
Сыймыктанат элиң да, куруучу кыз,
Сенин атың эмгегиң, даңкың менен.
Эңсейм сени көңүлүмө ырыс толуп,
Эңсейм сени жүрөгүмө жылдыз конуп.
Мени өзүңө чакырчы, сыйкырлачы,
Учуп түндө жетейин жылдыз болуп.
Токтобек Асаналиев — Кара-Көлдүн кыздары тексти
Датасы: 20.10.2020 Көрүүлөр: 1195