Сен күлгөн кезде
Ааалам жылмайат
Мээрим көлү чайпалып
Күн да нур жайат
Колдоруң алтын
Жамалың жаркын
Бизди өстүрдүң алпештеп
Өмүрүң арнап
Эне деген атыңыз
Эң бир керемет
Энекебай өзүңө
Эне тең келет

Кайырма:

Апа ак батасын арнап алыстан
Апа балдарына күйгөн жарыша
Апа сен бар жерге бакыт уялап
Ааламдагы жалгыз ханышам

Сен дарак болсоң
Мен анда жемиш
Сен бар үчүн өмүрүм
Чалкыган деңиз
Көздөрүң жайнап
Бактылуу жаша
Таманыңдан өбөйүн
Мага ошол бейиш

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *