Датасы: 20.10.2020
Формат: mp3

Ала-Тоонун сууларын бойлоп өскөм,
Аргымактын жалында ойноп өскөм.
Ата-бабам тоолорду түнөк кылып,
Урпактардын эртеңин ойлоп өскөм.
Ай, Кыргызстан,
Ой, Кыргызстан.
Мен сүйгөн бир, сыймыктанган Кыргызстан.
Төрт тарабын алп тоолор курчап турган,
Төрт туягың күтүрөйт чуркап турган.
Ысык-Көлдөй берметтүү бир көрүүгө,
Ар бир өлкө алыстан суусап турган.
Ак сакалдуу аталар жайкалышкан,
Неберелүү апалар балпайышкан.
Жети атасын бөбөктөр жатка билип,
Манас ата баянын айта алышкан.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *