Датасы: 20.10.2020
Формат: mp3

Карайсыңбы, карабайсыңбы?
Самайсыңбы, самабайсыңбы?
Жарык нурун катып булутка,
Жашырына калган айсыңбы?
Кайырма:
Бакытымдын байрагы болуп,
Баягыдай сен жайдары жолук.
Махабаттын майрамы болуп,
Мага жолук, дагы бир жолук.
Каалайсыңбы, каалабайсыңбы?
Баалайсыңбы, баалабайсыңбы?
Оюнчуктан кызыгы тарап,
Ойго баткан баладайсыңбы?
Кайырма.
Моокумумду кандырбайсыңбы?
Ал мончоктой албырбайсыңбы?
Түбөлүккө дегдетип мени,
Төгүп өткөн жамгырдайсыңбы?
Кайырма.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *