Кайда жүрсөм өзүңүздү сагынам эне,
Жашоодогу мээримиңиз табылгыз беле.
Кайырма:
Энекебай элесиңден кубат аламын,
Энекебай сагынычтан күйүп-жанамын.
Көз алдымдан көчүп өтөт узун түндөрдө,
Энекебай кол булгалап калган караның.
Сиздей мени эчким сүйбөйт эне билемин,
Ак батадан чынар болур өсүп тилегим
.
Кайырма:
Мухтар Атаналиев — Энеке тексти
Датасы: 21.10.2020 Көрүүлөр: 407