Өмүрдө өкүнүү бар, кубануу бар,
Өмүрдө бүтүү бар да, улануу бар.
Үзүлгөн жолду кайра жалгайлычы,
Өзүңдөн суусап күткөн сурануу бар.
Таарынба, ташта баарын, ташта баарын,
Эңсеткен сагынычтан башкаларын.
Желектей желбиретип жоолугуңду
Жолукчу, жоодураган акмаралым.
Алоолоп жүрөгүмдө жанган жалын,
Ак куу ким, сен ким, көлдө айыра албадым.
Сагынчым сабадагы саамал болду,
Таркатчы, жадыраган жайдарманым.
Арзыбек Бедияров — Ак маралым тексти
Датасы: 21.10.2020 Көрүүлөр: 2414
Жакты,эң сонун! Автор эң сонун аткаргансыз! Сизге ден соолук,чыгармачылык ийгилик каалайбыз!!!