Сүйгөн элем мен сени, сүйгөн элем,
Жалыныңа жалбырттап күйгөн элем.
Кубулжуган үнүңдү, келбетиңди,
Медер кылып жүрөккө жүргөн элем.
Кайырма:
Сүйлөгөндө сөзүмдөсүң, Сайрагүл,
Караганда көзүмдөсүң, Сайрагүл.
Жатсам-турсам оюмдасың,
Миң элестеп баскан кезде жолумдасың, Сайрагүл.
Абайлабай айтканым кеттиң алыс,
Азап болду ажырап мында калыш.
Жабыкпасын жаш жүрөк жалгыздыкта,
Өзүң сайрап өмүрдүн күүсүн чалыш.
Ойгономун ар убак атыңды атап,
Кыйналамын кыялга башым чатап.
Менден алыс жүрсө да гүл элесиң,
Шыктандырат эмгекке бирге жашап.
Гүлзат Байзакова — Сайрагүл тексти
Датасы: 21.10.2020 Көрүүлөр: 615