Кыргызча ырлар » Токтобүбү Черикчиева Токтобүбү Черикчиева — Өмүр жазы Датасы: 22.10.2020 Формат: mp3 Көрүүлөр: 18 Угуу Жүктөп алуу Sorry, your browser does not support HTML5 audio. Тилимде балдай сөзүмсүң, Дилимде назик сезимсиң. Сүйүүгө бүткөн күлазык, Өмүрдүн жазы өзүңсүң. Алданып менин үмүтүм, Азабың тартам күнү-түн. Айыкпас дарттай козгодуң, Арылгыс жүрөк күйүтүн. Жылмайсаң жазгы күндөйсүң, Жаныма назик сүйлөйсүң. Арзыган сен деп селкинин, Абалын, эркем, билбейсиң.