Күйдүм, күйдүм, күйдүм чок,
Күйдүм десем түтүн жок.
Жүрөгүмдүн башында,
Жүгөрүдөй бүтүн жок.
Кан-Жайлоо деген бийик бел,
Кар жааса согот муздак жел.
Кайырма жака, кара көз,
Кадырды билсең өзүң кел.
Ак теректей бүрдөнүп,
Жүрөсүң ак жоолук салып түрдөнүп.
Айласын таап жете албай,
А мен жүрөм,
Адашкан тайлак өңдөнүп.
Боз теректей бүрдөнүп,
Жүрөсүң боз жоолук салып түрлөнүп.
Болжолун таап жете албай,
Мен жүрөм,
Боздогон тайлак өңдөнүп.
Бакыт Шатенов — Күйдүм чок тексти
Датасы: 23.10.2020 Көрүүлөр: 790