Датасы: 27.10.2020
Формат: mp3

Жыңайлак баскан издерим,
Жылгаңдан келет издегим.
Ардайым кубат жаныма,
Ак шоокум мейкин түздөрүң.
Сууларың тунук агылган,
Бүткөндөй менин таңымдан.
Учурган канат байлатып,
Уям сен жүрөк сагынган.
Мээримиң кимге теңелсин?,
Мен үчүн атам-энемсиң.
Жакыным боорум тууган жер,
Жанымдан артык белемсиң.

Асанкалый Керимбаев — Тууган жер тексти: 16 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *