Датасы: 24.10.2020
Формат: mp3

Калкып өтөт карегимден элестер,
Көл, дайралар кырка тоолуу белестер,
Ар бир уулуң кай тарапта жүрсө да,
Кыргыз жери жандай көрүп кымбатындай сени эстээр.

Кандай жүрөк сени самап сагынбас,
Кандай жүрөк сен дегенде жагылбас.
Эне сүттүү кыргыз жери кымбатым,
Эч убакта эскирилгиз бир жоготсоң табылбас.

Кыргыз күүсүн уксаң денең калтырап,
Көңүлүңдө чексиз изин калтырат.
Ак чокулуу мекенимдин элеси,
Азыр гана көргөн сымал карегимде тартылат.

Унутулбайт кайгырсаң да күлсөң да,
Бүркүт шаңшыйт качан кулак түрсөм да.
Касиеттүү кыргыз жери кымбатым,
Каректесиң, жүрөктөсүң кай тарапта жүрсөң да.

Жолдубай Кайыпов — Кыргыз жери кымбатым тексти: 10 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *