Боюнан Алмалуунун алма аламын,
Алманы көтөрө албай сандаламын.
Ойлосом ичим күйөт бир өзүңө,
Ишине табигаттын таң каламын.

Кадырым билбей турган адам болсо,
Канткенде кимисине алданамын.
Көңүлдө көп сөзүм бар айтыла элек
Каухарым, бир өзүңө арнагамын.

Ар убак көрсөм сени жактырамын,
Айтканды көкүрөккө жат кыламын.
Кай күнү маңдай, тескей келе калсам
Кадырлаш, ойноп-күлүп каткырамын.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *