Гүлзар жайнап, таң сүргөндө ачылып,
Жыпар жыты гүлдүн чачылып.
Турган өңдүү мага азыр сезилип,
Махабаттын сыры тартылып.
Кайырма:
Роза гүлү, тартып мени өзүңө,
Айперидей көрүнөсүң көзүмө.
Сүйүп калдым, сүйүп калдым деп айтсам,
Роза гүлү, ишен айткан сөзүмө.
Улам сага сагынычым артылып,
Жан дилимден жакын тартылып.
Роза гүлү, кеткениңди түшүндүм,
Махабатты сенде калтырып.
Кайырма:
Жаштыгымды жалпы сага арнайын,
Тагдырымды издеп талбайын.
Таң аттырып сени сүйгөн жүрөккө,
Тагдырымдын колун кармайын.
Кайырма:
Айчүрөк Иманалиева — Роза гүлү тексти
Датасы: 24.10.2020 Көрүүлөр: 3003