Атыңдан кагылайын, алтын апа,
Алыста жүргөнүмө санаа тартпа.
Максаты ар бир жаштын билим алуу,
Азыркы гүлдөп турган ушул чакта.
Кайырма:
Алтын апа, болбочу капа,
Кызың үчүн санаа тартпа.
Алтын апа, кат жазам сага,
Сен мен үчүн санаа тартпа,
Алтын апа.
Күнүгө үйдөн чыгып жолду карап,
Келсечи деп жүргөндүрсүң күндү карап.
Максатым адам болуу дал өзүңдөй,
Элимдин керегине турган жарап.
Кайырма:
Күндө эстейм сенин туурук колдоруңду,
Ал колдор көрсөткөнсүйт жолдоруңду.
Оболоп жылдыз болуу — улуу максат,
Жетелеп иликтирет ойлорумду.
Кайырма:
Асель Турдалиева — Алтын апа тексти
Датасы: 24.10.2020 Көрүүлөр: 3980
Мага жакты
Кайырманын эң акыры тачка болуу керек