Вася жана Катя деген эки бир тууган жашаптыр. Алардын мышыгы бар экен. Жазында мышык жоголуп кетиптир. Балдар аны бардык жерден издешет, бирок таба алышпайт.

Бир жолу алар сарайдын жанында ойноп жүрүшкөн. Сарайдын үстү жагынан чыйылдаган мяологон үндөр чыгат. Вася сарайдын үстүнө тепкичтер менен чыкты. Катя ылдый жакта калып, улам сурай берди:

— Таптыңбы? Таптыңбы?

Бирок Вася ага жооп берген жок. Бир кезде Вася кыйкырды:

— Табылды! Биздин мышык … анан анын кичинекей мышыктары бар экен; ушунчалык сонун; тезирээк бул жака кел ..

Катя үйгө чуркап барып, мышыка сүт алып келди.

Мышыктын беш мыймыйы бар экен. Алар бир аз чоңоюп, бурчтун астынан сойлоп чыга баштаганда, балдар өзүлөрү үчүн ак буттары бар боз мышыкты тандап, үйгө алып келишти. Аны өздөрү алып калышты. Энеси калган мышыктардын баарын ар-кимге бөлүштүрүп, таратып салды. Балдар аны тамактандырып, ойнотуп, аны менен кошо жатып атышты.

Бир жолу балдар жолдо ойноп жатышкан, өздөрү менен мышыгын да алып алышкан.

Шамал жолдогу саманды кыймылдатып, мыймый болсо саман менен ойноп жаткан, балдар аны көрүп алып жыргащты. Андан кийин алар жолдун бойунан козу кулак (щавель) таап, аны чогултканга барып, мышыкты унутуп калышты.

Бир маалда алар бирөөнүн катуу кыйкырганын укту:

«Артка, артка!» — деген чуркап келе жаткан аңчыныны көрүп, анын алдынан эки ит мышыкты көздөй чуркап баратыптыр. Ал эми келесоо мышык, качкандын ордуна жерге отуруп, белин бүкүрөйтүп, иттерге айбат кылып туруптур.

Катя иттерден коркуп, кыйкырып, качып жөнөдү. Вася болсо бардык күчү менен мышыктын жанына чуркады. Ал жеткен мезгилде иттер да жетишти.

Иттер мышыка атырылалы дегенде, Вася мышыктын үстүнө жыгылып, аны иттерден сактап калды.

Аңгыча мергенчи да жетип келип, иттерин ээрчитип кетти;  Вася болсо мыймыйды үйгө алып келип, болгон окуяны энесине айтып берди. Ошондон кийин балдар мышыкты талаага алып барбай калышты.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Акылдуу балдар29
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
ЖАЛКОО16
Карышкыр менен эчки16

Мыймый — Лев Толстойдун аңгемеси: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *