Датасы: 25.10.2020
Формат: mp3

Сүйүү кандай башталарын,
Турмуш кандай куруларын.
Түшүнбөдүң айтканыма,
Жүрөгүмдү жараладың.
Сүйгөнүм, сен карабадың,
Сүйүүгө сен жарабадың.
Алыстатып бир өзүмдү,
Ар убакта капаланттың.
Кайырма:
Сүйгөнүм, келчи кайра,
Сүйүү демин берчи мага.
Оо, Жараткан, күбө болуп,
Жардам бер жүрөк дартыма.
Мен сүйгөнмүн сени гана,
Алмаштырбай башка адамга.
Ак сүйүүмдү кайрып берер,
Жалгыз өзүң бул ааламда.
Көзүң күлүп нурун чачса,
Көргүм келет кайра-кайра.
Жан дүйнөмдү жалдыратып,
Кеткениңде эмне пайда?
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *