Токтобек Асаналиев — Карап бир койчу тексти

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

Күндө бир күндө кездешем,
Күлө бир карап беттешем.
Оорулуу болуп жүрбөйүн,
Ойдогу сырды чечпесең.
Кете электе улгайып,
Карап койчу,
Карап койчу жылмайып.
Басып өттүк, кыр калды,
Балалык бизден уурдалды.
Өмүр кыска, жол узун,
Өткөрбөйлүк кырдаалды.
Кете электе улгайып,
Карап койчу,
Карап койчу жылмайып.
Карыйбыз улам күн өтсө,
Кабакка булут түнөтпө.
Туйдуң бекен, жок бекен,
Турганың дайым жүрөктө.
Кете электе улгайып,
Карап койчу,
Карап койчу жылмайып.
Кебездей жумшак мүнөзүң,
Келтирет бакыт күбөсүн.
Калыптанган эмедей,
Каректе калды сүрөтүң.
Кете электе улгайып,
Карап койчу,
Күлүп койчу жылмайып.

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Саламат Садыкова. Кыргыз жери тексти жана mp3983
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти583
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти352
Гульнур Сатылганова - Туулган жерди сагынуу тексти192
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти141
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти130
Эрлан Андашев — Өкүнбө тексти100
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти98
Данияр Эрматов - Мен кыргызмын тексти98
Нурлан Насип - Токтогулга кетесиңби тексти90

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.