Датасы: 26.10.2020
Формат: mp3

Зар болдум бир жарк этип карашыңа,
Чырмалдым сүйүүнүн сарсанаасына.
Сезимди козгоп коюп ошол таңда,
Сен кеттиң жылдыздардын арасына.
Жыя албай ошол таңда мен эсимди,
Көрсөм деп издеп келем элесиңди.
Алтыным, ак таңдардан тосоюнчу,
А балким, ак куу болуп келесиңби?
Кайдасың, өмүрдөгү алтын чырак?
Кайдасың, өмүрдөгү алтын бубак?
Адашкан энесинен чаарчыктай,
Мен сени издеп келем жалгызсырап.
Алтыным, асыл жарым, сүйгөн жарым,
Жүрөктү дүрт эткизген жашыл жалын.
Сүйбөсөң бул дүйнөдө не жаралдың?
Чолпондой көздөрүңдөн кагылайын.
Карагаттай көздөрүңдөн ананайын…

Гүлнур Асанова — Зар болдум тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *