Эркем деп мээримиңди төкчү элең,
Неберем деп жетелеп жүрчү элең.
Айланып,
Жалынып, жыттап жүрчү элең.
Жанып турган чырагымсың элең,
Тутуп жүргөн тумарымсың элең.
Сагынып, зарыгып,
Ызаланып туталанам мен.
Кайырма:
Кагылайын, менин алтын энем,
Карегимден аккан жашым менен.
Кайда жүрсөм эстеп сагынып,
Бир өзүңдү мен.
Асылымсың, менин алтын энем,
Кусалык кыйнайт жүрөктү эзген.
Кайда жүрсөм эстеп сагынып,
Бир өзүңдү мен.
Айла жок. Кайрылбастан кеткен экен,
Ыйласам да, сыздасам да,
Бирок эне затын сыйлайлычы,
Өз убагында.
Эстеймин, эне, искеп жытыңды,
Зарыгып уксам деймин үнүңдү.
Кагылып, жалынып, бир өзүңө мен,
Берекем деп бөпөлөп бактың элең.
Көлөкөм деп көкөлөп жүрчү элең,
Сагынып, зарыгып.
Ызаланып, туталанамын мен.
Мирбек Атабеков — Алтын энем тексти
Датасы: 26.10.2020 Көрүүлөр: 4941