Датасы: 27.10.2020
Формат: mp3

Кара көз, асылзатым,
Кашымда жүрчү жакын.
Карааның издеп келем,
Кайталап улам атың.
Кайырма:
Жаркылдап кашты кага,
Жакшы сөз айтчы мага.
Жүз жылы жашоочудай,
Жүрөккө тапчы даба.
Жароокер, жарпым жазчы,
Жан дүйнөм тарткан санаа,
Жарыгың чаччы кана,
Жакшы сөз айтчы мага.
Жарыгым, жакшынам, эй,
Таалайым, татынам, эй.
Карегиң тик кароого,
Кантип мен батынам, эй?
Кайырма:
Көп кыздар бара жатса,
Көрүнбөйт сенден башка.
Бакытым өзүң болуп,
Багындың махабатка.
Жароокер, жарпым жазчы,
Жан дүйнөм тарткан санаа.
Жарыгың чаччы кана,
Жакшы сөз айтчы мага.
Жаркылдап кашты кага,
Жакшы сөз айтчы мага.
Жүз жылы жашоочудай,
Жүрөккө тапчы даба.

Один комментарий к “Сыймык Бейшекеев — Жакшы сөз айтчы мага… тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *