Датасы: 16.11.2026
Формат: mp3

Кара кашты какпа жаным
Кадыр билбес жансызга
Жүрөк отту жакпа жаным
Жалындамын ансыз да
Кирпигиңди ирмебечи
Көз отуңду көрөйүн
Апкарбачы сүрдөбөчү
Ажарыңдан өбөйүн ⠀

Карегиңден кат окудум
Кетээриңде бурулуп
Уктай албай, ыр токудум
Улам, улам, улам үнүң угулуп ⠀

Үмүт менен багыңдамын
Үйүңдү ачып кире албайм
Кыял менен жаныңданым
Кантээримди биле албайм
Кара кашты какпа жаным
Кадыр билбес жансызга
Жүрөк отту жакпа жаным
Жалындамын ансыз да ⠀

Кайырма:
Карегиңден кат окудум
Кетээриңде бурулуп
Уктай албай ыр токудум
Улам, улам, улам үнүң угулуп ⠀

Баарыңды бир көрдүм да
Багыштадым дилимди
Сүйүүмө өстүрдүм да
Сага сундум гүлүмдү
Баарыңды бир көрдүм да
Багыштадым дилимди
Сүйүүмө өстүрдүм да
Сага сундум гүлүмдү ⠀

Кайырма:
Карегиңден кат окудум
Кетээриң де бурулуп
Уктай албай ыр токудум
Улам, улам, улам үнүң угулуп

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *