Датасы: 27.10.2020
Формат: mp3

Кезикпей сага жүрсөм да,
Кыялдарымда көрсөм да,
Махабат балын татсам дейм,
Өзүңдөн гана.
Табышмак сүйүүм менин,
Тагдырлаш болсом деймин.
Ар дайым дем-күч берет,
Элесиң сенин.
Кайырма:
Сезимдер серпилет,
Көзүңө жетелеп
Күткөн бактым келет
Жүрөк сезет.
Жүрөктүн кылдары
Муңканып ырдады
Кечигип махабат
Ойго салды
Сезимдер учат алыс,
Бөлүнөт ойлор сансыз.
Тагдырым өзүң калыс,
Калтырба жалгыз.
Өзүңдү теңеп күнгө,
Жолуңду карайм күндө.
Жоодурап келет деген,
Үмүтүм үзбөй.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *