Датасы: 27.10.2020
Формат: mp3

Жамалы белең берметтин,
Жабыркап жүрөк дегдеттим.
Кароосуз калган кайыктай,
Кайыр кош, жаным, сен кеттиң.
Кайырма:
Карап, карап
Кайрадан сени самап,
Күттүм (4 жолу).
Жалжалым,
Жалгыздыктан тажап бүттүм. (4 жолу)
Көпөлөк гүлгө коно албай,
Көңүлүм сыздап толо албай.
Серпилип жүрөк кыйналды,
Сендейлер сендей боло албай.
Кайырма.
Кош дегим келбейт, кош дегим,
Козгобо, бөлөк жок кебим.
Кайгырсам жалгыз, аргам жок,
Кош дешер жарым жок менин.
Кайырма.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *