Кубулуп, нурга бөлөнүп,
Кулпуруп Соң-Көл, көгөрүп.
Түгөнбөс сүйүү кайгысын,
Түбүнө алган чөгөрүп.
Көл үстү муңдуу шыбырап,
Айткандай сырды туюлат.
Арманда ыйлап алыстан,
Ак Мөөрдүн үнү угулат.
Канаты кандан кайрылган,
Кан кусуп, катуу кайгырган…
Элеси келет Болоттун,
Ак Мөөрдөн анда айрылган.
Өксүгөн өмүр сезбеди,
Өткөндү бүгүн эскерип.
Сүрөтүн сактап Ак Мөөрдүн,
Сүйүүгө Соң-Көл эстелик.
Исирадин Аманбаев — Соң-Көл баяны тексти
Датасы: 27.10.2020 Көрүүлөр: 1555