Кара-Шоро — кенен жайлоо, Эс алууга барганга.
Достор менен көңүл ачып, Оюн-күлкү салганга.
Кара-Шоро — кооз жайлоо, Аба салкын, арашан.
Кел, курбулар, бул жайлоого, Эс алууну кааласаң.
Тоо булагы жылт-жылт агып, Күн нуруна урунат.
Анын шаңдуу шыңгырашы, Музыкадай угулат.
Кара-Шоро — жашыл жайлоо,Шибер чөптү жамынган.
Чабандар бар, кой төлдөтүп,Баатыр, орден тагынган.
Сонун
Сонун
Жакшы
Соонун мындай ырды угуп эле туруш керек
Орден деген эмне
Мага абдан жакты.илгери музыка сабагында ырдачуубуз.
Мага аябай жакты
Аягына чейин тексти жок экен.Ленин орден деген жерин, өзгөртүп салыптыр.
Орден деген эмне