Датасы: 28.10.2020
Формат: mp3

Ах-бах, чиркин,
Көздөрдүн чагылганын карачы.
Жүрөктөр кагылат,
Ах-бах, ширин, таттуу,
Бул тилектердин арасы.
Таранып тагынат,
Эй, кадалып билинбей,
Эриндери дирилдей,
Эркелеп барып эрмек тапкан сезимдей.
Себеби сезилбей, теңелип теңиндей,
Терметип тең бакыт менен кемесиндей.
Кайырма:
Сезим келет, сүйүү демек,
Бул сен күткөн күндөрдөн белек.
Сүйүү демек, ал керемет,
Жүрөккө сезимдерден белек.
Тах-тах, чиркин,
Жүрөктүн кагышканын карачы,
Жаңылбай жалынам.
Таптак тийген айдын ак нурларынын арасы,
Жаңы ырдай жаңырган.
Таң жарым ай жаңыдан,
Табышкан, таарынган.
Таттуу бир кыял табият тартуулаган,
Сүйүүнүн жүрөгү, биригип түнөгү,
Өмүрдүн өзөгү, махабат мүрөгү.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *