Жыл мезгилдерден жазды сүйөмүн,
Жазындасын сүйүү келет.
Сүйүүмдү дале күтүп жүрөмүн,
Махабатым качан келет?
Күтөм жазды, күтөм чыдабастан,
А менин сүйүүм жүрөт кечигип.
Жүрөк жарылганын карабастан,
Карабастан…
Кайырма:
Жаз, суранамын, эч кетпечи,
Кайда барсаң, ээрчип барам,
Сүйүү булагы – жаз.
Таарынтпачы, ансыз деле,
Күзүндөсүн жалгыз калам,
Сүйүү булагы – жаз.
Канча жолу күтөм сүйүү жазын,
Эмнегедир эч келбеди.
Канча адамга жаз сүйүү берип,
Эмне мага эч бербеди.
Күтөм жазды, күтөм чыдабастан,
А менин сүйүүм жүрөт кечигип.
Жүрөк жарылганын карабастан,
Карабастан…
Кайырма:
Алина Жетигенова — Жаз тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 2001