Датасы: 21.10.2020
Формат: mp3

Маанайым жок көздөн жашым агылат
Бир инсандын шыңгыр үнүн сагынам
Дагы бир жыттап өпкүм келет эркелеп
Кусалыктан жүрөк ыйлайт негедир

Бул дүйнө ушунчалык таш боорбу
Жаш баланын көкүрөгүнөн какты
Келгениңе баласы өкүнөт
Атасынын сүрөтүн ал өптү

Кайырма:

Атакебайым атакебай кусалыктан мен ыйлай
Атакебайым атакебай сагынычтан мен сыздай
Атакебайым атакебай дагы бир көрсөм элесиңди
Атакебайым атакем ай дагы бир эркелетсеңиз

Бала ыйлайт кагаз бетин сыйылап
Мен сыздаймын апакемди кучактап
Арманымды башкалар уксун деп
Бир күн келип ушул ырым жаздыра

Тагдыр экен не кыламын чыдаймын
Апакемдин көңүлүнө караймын
Беш убак намазымды тургузуп
Ата сизге бешийтен жай сураймын



Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *