Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Бүркөк асман жарк дегенсипчагылган
Байкоосуздан жалыныңа кабылгам.
Бүт эркимди курчап алып махабат,
Жалгыз сенин элесиңди жамынгам.
Азыр мен да ойлоп сени жатамын,
Ошол күндөр жаралгансып канымдан.
Жымыңдашып жанып-өчүп чырактар,
Али эсимде бирге отурчу убактар.
Жүрөктөрдүн кагышканын тыңшашчу,
Алыс калды алма жыттуу курактар.
Чертчү эле го түгөнбөгөн күүлөрүн,
Миң кайталап музыкалуу булактар.
Таппай такыр махабаттын айласын,
Сагындым го жолукчу күн ай башын.
Мурункудай күтүп жүрөм азыр да,
Булбул куштун тереземден сайрашын.
Ар убакта жолукчу элек бакчадан,
Айтчы деги, асылкечим, кайдасың?

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *