Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Улам карап туш тарапты элеңдеп,
Айтар сөздү миң кайталап белендеп.
Күн чыгышым, сени күтөм зарыгып,
Анык беле айткан сөзүң келем деп?
Тоонун суусу аңтарылат иримдеп,
Дарак ырдайт, жалбырагы дирилдеп.
Күн чыгышым, келсең боло күттүрбөй,
Салааланып саамай чачың бириңдеп.
Айлап-жылдап, жалгыз сен деп түгөндүм,
Жүрөгүмдүн бардыгына күмөнмүн.
Колду шилтеп. кетип калбас себебим,
Боосу сенде мен катынган жүгөндүн.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *