Сүйүү ырын сага ырдай,
Жүрөмүн сени кыйбай.
Жүрөгүм сыздап жашын тыйбай,
Жалгыздык мени кыйнайт.
Бакытым деп сени мен тандап,
Жүрөгүм сага ардак.
Жүрө албадым колуң кармап,
Башканы кеттиң жандап.
Кайырма:
Кош болгун түбөлүк,
Кайрылбай кайда сен кеттиң?
Күтөмүн дайыма,
Өзүңдү самап жүрөмүн.
Келчи эми деп жалынбаймын,
Кеттиң сен кайрылбадың.
Сезим кыйнап жалындаймын,
Сезбедиң кайгырганым.
Издебегин эми мени,
Сүйүүнүн бүттү чеги.
Унутамын мен да сени,
Убайым тартпа эми.
Кайырма:
КЫЗ — БУРАК тобу — Кош бол тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 1873