Жалгыздык мени азапка салды,
Кайгыга баттым, кусамын.
Өмүрүм менин бук болуп калды,
Татамбы деги мазасын?
Жартынын баары жуп болуп алды,
Эмнеге азыр жалгызмын?
Кайырма:
Ай-ай, ай-ий.
Өмүр берилет адамга,
Турмуш бизди сынаганга.
Тагдыр — бул буйрук адамга,
Өмүр, турмуш, тагдыр татаал нерсе турбайбы.
Өмүрүңдүн гүлү жалгыз гүлдөбөйт,
Жупсуз аның жемиш берип гүлдөбөйт.
Жалгыз адам куурап жаткан дарактай,
Шеригин бер ага, күндү санабай.
О, Жараткан, жалгыз кылба,
Түгөйүн бер адамга.
Өмүр даамын сезип алсын,
Жалгыздыкта кууратпа.
Үмүтүм менин от болуп жанды,
Кайдасың, менин жалгызым?
Саргайган күндөн болгончо каччы,
Жолукчу мага, жалгызым!
Кайырма: