Жүрөккө куса толуп эстедим,
Көзгө тартылып айыл кечтери.
Көөдөндө жашап наристе сезим,
Оюнга тойбос бала кездерим.
Кайырма:
Сыдырым желден айтам саламды,
Классташтарым эсен-аманбы?
Окуучуң болуп кайра мектебим,
Кайрылып сага барамбы?
Сөзүн да укпай агай-эженин,
Өкүнөм дале, тентек экенмин.
Балалык күндөр сенде калыптыр,
Кайтарып берчи кайра, мектебим?!
Кайырма:
Гүлжигит Сатыбеков — Мектеп кусалыгы тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 22712