Датасы: 21.02.2023
Формат: mp3

Атка салгап дилдейсиң,
Ачылган кызыл гүлдөйсүң,
Бир күнү оору, бир күн соо…
Алымкан, азабың тартсам билбейсиң.

Бетегелүү майданым,
Пейли жакшы жайдарым!
Көлөкөлүү майданым,
Көөнү жакшы жайдарым!

Букардын тоосу бурулуш,
Бурулуп учат улуу куш.
Бурулуп мага келе кот,
Алымкан, муңдууга салбай кыйын иш!..

Кашкардып тоосу кайрылыш,
Кайрылып учат улуу куш.
Кайрылып мага келе кет,
Алымкан, карыпка салбай кыйын иш!..

Саркештеп тиккен жоолугуң,
Сар санаа кылат жоругуң,
Көккештеп тиккен жоолугуң,
Көп санаа кылат жоругуң.

Токтогул черткен «Жаш кыял»
Тыңдасаң боло, Алымкан,
Ак шайы жоолук колго алып
Булгасаң боло, Алымкан,
Аз күнчөлүк өмүрдө
Жыргасаң боло, Алымкан!..

Один комментарий к “Кыргыз Руху ансамбли — Алымкан тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *