Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Сезим оту дүйнө каптады,
Жүрөгүмө эч ким жакпады,
Мага дагы буйруган жан бар, азыр таппадым…
Сүйгүм келет мен да бирөөнү,
Ал да мени күтүп жүрөбү?
Кыялданып издеп сүйүүсүн, сезип жүрөгү…
Кайырма:
Кайдасың, сүйүү кайдасың?
Мени да сезим арбасын.
Жүрөгүмдү сага арнайын мен,
Каптасын жалын, кайдасың жаным?
Жалгыздыктын тарттым азабын,
Издейм мен да сүйүү тазасын,
Тандай берген табитим менин, алды жазасын…
Ыксыз жүрөк канчасын чанды,
Куйкалады кусалык жанды,
Суусап турам сүйүү балына, куткарчу барбы?
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *