Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Күндө (бир) күндө (ай) кездешем,
Күлө (бир) карап (ой) беттешем.
Оору (бир) болуп (эй) жүрбөйүн,
Ойдогу сырды (ай) чечпестен.
Кете электе (ай) улгайып,
Карап (бир) койчу (эй),
Карап (бир) койчу (ай) жылмайып.
Басып (бир) өттүк (ой) кыр калды,
Балалык бизден (ай) уурдалды.
Өмүр (бир) кыска (эй) жол узун,
Өткөрбөйлүк (ай) кырдаалды.
Кете электе (ай) улгайып,
Карап (бир) койчу (эй),
Карап (бир) койчу (ай) жылмайып.
Карыйбыз улам (ай) күн өтсө,
Кабакка булут (ой) түнөтпө.
Туйдуң (бир) бекен (эй) жок бекен,
Турганың дайым (эй) жүрөктө.
Кете электе (ай) улгайып,
Карап (бир) койчу (эй),
Карап (бир) койчу (ай) жылмайып.
Кебездей жумшак (ай) мүнөзүң,
Келтирет бакыт (ой) күбөсүн.
Калыптанган (ой) күбөсүн.
Калыптанган (эй) эмедей,
Каректе калды (эй) сүрөтүң.
Кете электе (ай) улгайып,
Карап (бир) койчу (эй),
Күлүп (бир) койчу (ай) жылмайып.

Один комментарий к “Нурзат Садыкова — Карап бир койчу тексти”

  1. Сагыныч каты-ай,ой,эй ашыкча,Сары мерден,Ала тоо таңшыйт китепти кара автордун оргинал кайрыктары менен жазылган.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *