Датасы: 24.10.2020
Формат: mp3

Өмүр кең, соолор гүлдөр, өчөр-жанар,
Бат карып, бат эскирип, бат жаңырар.
Эмесе бул дүйнөгө туулуу менен,
Кайрадан ар адамдын өлмөйү бар.
Өлүм — ак, пейли сараң, көңүлү тар,
Күчү жок, бирок бизди коркута алар.
Себеби биз өлгөндө орун басар,
Бизден соо, бизден жакшы, акылдуулар.
Ах, чиркин, биздин күндөр кандай таттуу!
Бүгүнтөн эртеңкибиз ырахаттуу.
Табият жана анын музыкасы,
Күн санап кандай шаттуу, кандай сулуу!
Оо, дүйнө, биздин күндөр кандай таттуу!
Бүгүнтөн эртеңкиси ырахаттуу!
Ушундай сонун күндө кеткендерге,
Карачы кандай гана аянычтуу!
Ушундай сонун күндө кеткендерге,
Байкачы кандай гана аянычтуу!
Аттиң, ай, кандай гана аянычтуу!

Абидин Темиров — Табият жана музыка тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *