Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Жаз жаңыдан жаркып келген сирень гүлүн ача элек,
Мажүрүм тал жапжаш эле, биз да талдай жаш элек.
Сүйүү оту чагылганда турду сирень гүлү өнүп,
Тагдыр кошпой турам жалгыз карт даракка жөлөнүп.
Каркыралар учуп өтөт, катарлары бузулбай,
А биз неге айрылыштык, балким тагдыр ушундай.
Көздөрүнөн оту жанып, жаштар өтсө топтошуп,
Махабатым унутулат, карт даракка окшошуп.
Карт дарактын бутагында кар бүртүгү келептеп,
Биз өткөргөн алтын күндөр, кайра баштан элестеп.
Жаз жаңыдан жаркып келген сирень гүлүн ача элек,
Мажүрүм тал жапжаш эле, биз да талдай жаш элек.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *