Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Жаңы жылым келди,
Эшик ачып, салам айтып.
Жаңы жылым келди,
Бүт ааламга кучак жайып.
Жаңы жылым келди,
Нурун чачып, жарык чачып.
Жазалычы черди,
Ырдап-бийлеп достор.
Тосолучу келди,
Жаңырып жаңы жыл.
Кайырма:
Наристенин тунук сезиминдей,
Наристенин таза, аруу тилегиндей.
Ынтымакта элим жашай берсин,
Жаңы жылда.
Жыл айланып келет сагындырып,
Жаңы жылым ачып бизге жаңы сырын.
Ынтымакта элим жашай берсин,
Жаңы жылда.
Жаңы жылым, бизге,
Ала келчи ырыс-бакыт.
Жалпыбызга берчи,
Бейпил жашоо, асман ачык.
Жараткандан тилеп,
Барчылыкты, жайчылыкты,
Жашайлычы элим,
Биримдикте дайым,
Жакшылыктын жылы болсунчу.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *