Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Аярым ак жүзүңдөн,
Мен сүйүп эңсегем.
Ак булутка окшоп учуп сага жетпегем,
Ажарың көз алдымдан эч кетпес.
Кол сунуп элесиңе мен жетпес,
Жылмайсаң көзүң сүзүп сүйкүм жарашат,
Күлкүң, күлгөнүң…
Кайырма:
Издеп табылбайт,
Күлкүң жаңылбайт.
Өчпөс кумарым,
Чиркин, жазылбайт.
Бийкеч чүрөктүн,
Дарты жүрөктүн.
Издеп табылгыс,
Тамчы мүрөксүң.
Үмүтүм үзбөй күтөмүн сени, жарыгым,
Ачылат качан мага каткан сырларың?
Саамайым сылап турган жел менен,
Сезимге жалын курам сен менен.
Өткөрсөм күндөрүмдү жалгыз сен менен,
Күндү, түнүмдү…
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *