Датасы: 09.01.2026
Формат: mp3

Орундалып ичимдеги арман
Жараткандан сени тилеп алгам
Эң бактылуу күнүм ошол менин
Сени алгач колдорума алган

Үйүбүзгө жарык берип нурдаган
Ата десең кубанганмын, жыргагам
Сен келгени жүрөгүмдөн ишендим
Атасына жакын экен кыз бала

Кайырма:
Фатима менин жаным кызым
Көздөрүң сүйкүм, айдай жүзүң
Фатима менин жаным кызым
Эч кимге теңебес, алмашкысым

Бир мүнөттө менин сагынганым
Кызганганың жагат таарынганың
Чөмүлө бер ата мээримине
Мен ар дайым сенин жаныңдамын

Эркетайым атасына күйүмдүү
Өткөрөмүн сен деп ар бир күнүмдү
Өчүргүчү болсо дагы өмүрдүн
Өчүрө албайт сага деген сүйүүмдү

Кайырма:
Фатима менин жаным кызым
Көздөрүң сүйкүм, айдай жүзүң
Фатима менин жаным кызым
Эч кимге теңебес, алмашкысым

Фатима менин жаным кызым
Көздөрүң сүйкүм, айдай жүзүң
Фатима менин жаным кызым
Эч кимге теңебес, алмашкысым

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *