Сен бактылуусуң бил курбум,
Бул дүйнөгө жаралганыңа.
Көздөгөн максатың болсо,
Тоскоолдуктарга карабай умтул алга.
Кайырма:
Бул жашоо бизге бир келген,
Табылгыс белек.
Ар бир күндүн баркын билген,
Ал адам сезет.
Өмүрдүн таттуу экенин,
Жаштыктын демин.
Ар бир көз ирмем бактылуу,
Кайгырба деги.
Мен бактылуумун билемин,
Курбуларымдын арасында.
Ата-энем менин тирегим,
Бул бакытты мен силерге да тилеймин.
Бегимай Эсенгулова — Жаштар тилеги тексти
Датасы: 05.11.2020 Көрүүлөр: 401