Датасы: 11.11.2020
Формат: mp3

Сизди жактырдым билесизби
Сиз да жактырып жүрөсүзбү
Табышмак болуп чечилбеген
Тутанган сезим күнүбүзбү


Жанашып бирге болбосок да
Жалганда чындап сүйөсүзбү
Жолубуз эгиз кетпесе да
Жактырдым мен сизди

Кайырма:

Жетпеген сүйүү болосуз кылымдарга
Жаңыртып ырдайм үнүм барда
Жашайбыз бирге жолугуп бул ырларда
Жүрөктө өчпөс сүйүүм барда
Жаңыртып ырдайм кылымдарга


Ай күнүнө жетпей бир-бирине
Адашып калдык кимде күнөө
Алгачкы көргөн кезден эле
Алданып жүргөн сүйгөн беле


Алыстан карап куштар болуп
Арзууну берген эрменине
Бир болбосок да сезим сунган
Ырахмат сүйүүгө

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *