Карышкыр ачка болучу. Кулун ээрчитип оттоп жүргөн бээнин жанына келип, шилекейин чубуртту:

“Кулундун эти кандай гана таттуу! Мага мунуңду сатпайсыңбы?» — деп кайрылды бээге.
Албетте, — деди бээ. Сатпагандачы, сатам.

Канчага сатаар элең?

Канчагабы? Эсимден чыгып турганын карабайсыңбы. Анын наркы менин темир такамда жазылуу эле. Сен сабаттуу жансың го, өзүң окуп алчы, деп арткы бутун көтөрдү бээ. Карышкыр айланып барып, такадагыны окумакчы болду.

Ошол замат бээ аны карылуу буту менен тумшук талаштыра тээп калды. Карышкыр оңко-чоңко атып барып, кулады. Мына сага кулундун ширин эти!

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы35
Алтын балык31
Суйуу жөнүндө жомок27
Көмөч нан (колобок) жомок24
Кыска жана күлкүлүү жомоктор21
Акыл карачач18
Тамсил: Кемпир жана тоок18
Акылдуу кыз14
Карышкыр жана жети улак14
Карышкыр менен эчки14

Карышкыр менен бээ: 6 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *