Датасы: 26.11.2020
Формат: mp3

Бирде жүрөктөн, бирде өрттөн
Жазган катымды.
Атай албайм, жаза албайм
Сенин атыңды.
Билсең мага жагаарыңды,
Түшүнмөксүң абалымды
Көтөрбөстөн баркыңды.

Кайырма:
Сумсайтпастан сунган колду
Ак сүйүүмдү билсең болду.
Улагага отурамын
Уйкусурап карап жолду.

Менден качпа, тетир баспа
Салба артыңды.
Сүйүп алам, сыйлап алам
Сендей алтынды.
Толуктачы катарымды,
Кошчу турмуш сапарыңды
Көкөлөтпөй баркыңды.
Кайырма:

Билип койчу, угуп койчу
Берем антымды.
Ырлар жазып чыгарамын
Сенин даңкыңды.
Бийик болсоң, бийик сүйөм,
Жан дүйнөңдү ийип сүйөм
Көтөрө бер баркыңды.
Кайырма:


Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *