Сыймык Бейшекеев & Нуриза Абазова — Жаңы жыл тексти

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

Жыл тосуп, жыл узатып,
Чыккан күн кайра батып,
Убакыт — зымырык куш,
Негедир барат шашып.
Мынакей Жаңы жыл да,
Мээримин төгүп келди.
Тазартып көңүлдөрдү,
Агартып тоону жетти.

Кайырма:
Сезимдин жарык таңы,
Жыл жаңы, көңүл жаңы.
Жүрөктү толкундаткан,
Жаңы жыл келди дагы.
Бакыттын жылы болуп,
Ачылсын элдин багы.
Апабыз сүйүү берсин,
Сага да, мага дагы.

Белекте бейпилчилик,
Кубаныч, күлкү менен.
Элиме ырыскы бер,
Койнуңду ачып кенен.
Жарык чачкан Жаңы жыл,
Сага арнап ырдайбыз ыр.
Жакшы тилек, жакшы үмүт
Ала келгин Жаңы жыл.

Кайырма:

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти1446
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти321
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти196
Алмаз Шаадаев - Айрылып кеттин алыска тексти113
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти93
Султан Садыралиев - Күнөөмдү кечир, Алла тексти74
Сыймык Бейшекеев - Таарынба тексти67
Кызсайкал Кабылова - Атыныз жашайт тексти65
Айганыш Абдиева — Коё бер тексти62
Зарлык Камбаралиев, Айганыш Абдиева - Сен менде ганасын тексти50

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.