Датасы: 09.03.2021
Формат: mp3

Билбей канча кетирдим ката
Баарын бирдей кетирдиң ата
Ааламдай кенен жүрөгүң менен
Бакыт тилеп бересиң бата
Анансайын ойго батамын
Азыр минтип өзүм атамын
Бактылуумун чындап анткени
Баласымын сендей атанын

Кайырма;

Тилегим атам тирегим атам
Ден соолукта узак жашачы
Кубатым атам кубанчым атам
Өмүрүмдүн сенсиң башаты

Бар байлыгым жөлөгүм атам
Сизди жакшы көрөмүн ата
Аска зоом менин атыңдан сенин
Апам менен жүз ашып жаша
Билем кээде ойго саламын
Бир себеби мен го саананын
Өзгөрүлүп ата болсом да
Өзүң үчүн дале баламын

Нурлан Насип — Ата тексти: 19 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *